Биз менен байланышыңыз

Дүйшөмбү шаарында Орто Азия авиакомпания жетекчилеринин алгачкы жыйыны өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 10 мая 2019 | 563 | 0

13-майда, Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Орто Азиядагы авиакомпаниялардын жетекчилери алгачкы тегерек үстөлдө жолугушат. Анда аймактык жарандык авиацияларды өнүктүрүү маселеси боюнча талкуу болот. Бул тууралуу «Сомон эйр» авиакомпаниясы билдирди.

Чогулуш «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын демилгеси менен тажик бийлигинин жарандык авиция кызматы жана эл аралык аба транспортунун (IATA) колдоосунда өтмөкчү.

Анда, авиациялык аймактардын учурдагы жана алдыңкы жылдардагы экономикалык абалы, аба каттамындагы аймактык кыйынчылыктар, «акылдуу башкарууну» орнотуу жана Орто Азия өлкөлөрүндө колдонуу, учкучтардын коопсуздугу, күйүүчү май менен туруктуу камсыз кылуу жана аймактык аэропортторго анализ жүргүзүү сыяктуу маселелер талкууланары айтылган.

Жыйынга Кыргызстандын «Авиа Траффик» (Кыргызстан), Казакстандын «Эйр Астана» «SCAT», «QAZAQ Air», Өзбекстандын «Uzbekistan Airways», ошондой эле жыйындын демилгечиси, Тажикстандын «Сомон Эйр»авиакомпанияларынын жетекчилери катышары күтүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM