Биз менен байланышыңыз

Туризм тармагындагы ишкерлердин башын кошкон иш-чара өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Апр 2021 | 783 | 0

15-майда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий комплексинде туризм тармагындагы ишкерлердин башын бириктирген чоң иш-чара болот. Бул тууралуу мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстанда туризм тармагында иштеген объекти, субъектинин баарын ошол жерге топтоо.

«Ал жерде ишкерлерге өз кызматын жарнамалоого шарт түзүлөт. Кыргызстандын жараны келип, Жалал-Абадда, Нарында же башка облуста эмне бар экени менен таанышып, турларды сатып ала алат. Экинчиден, пандемияга байланыштуу турбизнес менен алектенгендер үйдө отуруп калды. Аларды бири-бири менен жакындатып, байланыш түзөлү деп атабыз. Келишим да түзүшсө болот. Иш-чаранын алкагында форум да уюштурулат. Ага өлкө башчыларынын келишин күтүп жатабыз. Ал жерде пандемия учурунда мамлекет тараптан эмне иштер жасалышы керектиги, бизнес тараптан эмнелер жасалышы керектиги талкууланат. Анан протокол кабыл алабыз деген ойдомун», — деди Азамат Жаманкулов. 

Copyright © 2017 Maral FM