Биз менен байланышыңыз

Тик учак менен Көлдүн жээгине ким барды? Министрликтин жообу

Кыска кабар | 26 Июл 2024 | 376 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлгө тик учак менен ким учуп барганы тууралуу маалымат берди. Буга чейин социалдык тармактарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Париж” эс алуу борборуна конгону тартылган видео тараган.

Министрликтин маалыматына караганда, 25-июль күнү Airbus-145 тик учагы  менен Ысык-Көлдүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган максатта ири инвесторлор ижарага алып учушкан. Учуу убактысы 5 саат 20 мүнөттү түзгөн.

17-июль күнү түзүлгөн келишимдин негизинде учуу убактысынын толук ижара акысы төлөнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM