Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 3 млрд кубга азайып, кооптуу чекке жетти. Мындай кырдаалда электр тогунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси биринчи орунга чыгып, Өкмөт түрдүү амалын издөөдө. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, азыр энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында электр тогун сырттан импорттоо, ички керектөөнү азайтуу, кошумча ток өндүрүү булактарын колдонуу аракеттери көрүлүп жатат.
Ошондой эле министрлик бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф дүйнө боюнча эң төмөн экенин, бул тармактын ишин илгерилетүү мындай турсун, өз чыгымын жаба албасын белгилейт. Мындан улам энергосекторду толугу менен реформалоо зарылдыгын айтууда. Анын негизинде бул тармак экономикалык жактан негиздүү болушу үчүн электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгуу керектигин, буга байланыштуу жаңы тарифтик саясат иштелип жатканын маалымдады.
Негизи эле Кыргызстандын энергетика тармагы кирешелүү эмес, тескерисинче, дотацияда экени маалым. Орто Азия мамлекеттеринин арасында электр энергиясы үчүн эң төмөн баа — Кыргызстанда. Мисалы, айына 700 киловатт саатка чейинки электр тогу элге 77 тыйындан сатылат. Эгер 700 киловаттан ашса, 2,16 тыйындан төлөнөт. Ошол эле учурда 1 киловатт саат токту иштеп чыгып, колдонуучунун үйүнө жеткиргенге чейин 1,66 тыйын чыгым кылат. Демек, бул тармак калктын керектөөсүндөгү ар бир киловатт саат ток үчүн 89 тыйындан чыгашага иштейт десек болот. Мындан улам бул тармак өзүн-өзү актамак турсун, тармакты жакшыртуу, модернизация иштерин да өз алдынча жүргүзүүгө чамасы жетпей турганы белгилүү. Мисалы, энергетикалык компаниялар Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөө, Датка-Кемин электр линияларын бүткөрүү сыяктуу иштерге насыя алуу менен 129 млрд сом карызы бар. Электр энергиясын өндүрүүдөн азыркы тариф менен түшкөн каражат насыя төлөө жана энергетикалык компаниялардын чыгымдарынан аз болуп, ордун жаппай калууда.
Министрлик маалымдагандай, жаңы иштелип чыккан тарифтик саясат жакынкы күндөрү коомчулукка жарыяланат.
Энергетика боюнча эксперт Бекбоо Маматбековдун айтымында, тармак өзүн-өзү актоосу эле эмес, базар баасына жараша да жөнгө салынуусу зарыл.
«Бензин, газдын, энергетикалык жабдуулардын баасы өсүп жатат. А электр тарифи көп жылдан бери каралбай турат. Бул экономикалык түшүнүктө туура эмес нерсе. 1 киловатт саат ток 77 тыйындан. Өзүн актап, киреше берүү мындай турсун, жылына 3 млрд сом дефицит менен иштеп жатат. Муну менен эч нерсе кура албай калдык, жабдуулардын баары эскирди. Тармакта 16 миң кызматкер иштейт. Алардын маяналарын жабуу керек. ГЭСтерде суу көлөмү азайды, аны чечүү үчүн башка ГЭСтерди куруу керек. Тарифтик саясатты жакшылап эсептеп чыгып өзгөртпөсөк, эртең бул тармак урайт», — дейт Бекбоо Маматбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жалпы электр энергиясынын тарифтери Бишкек жана Ош жылуулук электр борборлорунда иштетилип чыккан ток менен теңештирилип койгону туура эмес экенин белгилейт.
«Азыр Бишкек, Ош жылуулук электр борборлорун мэриялардын карамагына өткөрүп берүү керек. ЖЭБден чыккан жылуулук, электр тогун шаардыктар эле колдонот. Анын чыгашасын жалпы калктын электр энергия керектөөсүнүн тарифи менен субсидиялап коюп жатат. Эки ЖЭБди мэрияларга берип, гидроэнергетиканы өзүнчө баалап, ордуна коюу керек».
Акылбек Жапаров ар бир үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына жараша социалдык тариф каралышы керектигин айтат. Ошондой эле алтын кен комбинаттары, өлкөдөгү ири киреше алуучу ишканалар үчүн өзүнчө тариф каралышы керек деген ойдо.
«Тарифти бүт баарына бирдей көтөрөбүз» деген туура эмес. Байларга байлардын тарифин коюу керек. Мисалы, бир байдын үйүндөгү лампочкалардын баарын эсептеп чыксаң, миң жарык күйүп турат. Ал 77 тыйындан төлөп, мамлекеттен дотация алып жатат. Жаңы эле үй куруп жаткан колунда жоктун үйүндө бир эле жарык бар. Дотацияны 999 лампочкага бай адам көп алып жатат. Колунда жокторго тарифти түшүрүү керек. Орто катмарга базар шартына жараш бир аз кошуу керек. А байларга өзүнчө коюу керек. Анын ичинде алтын чыгарып жаткан ишканаларга жогорку бааны бекитүү керек. Мисалы, «Кумтөр» алтынды биржанын баасы менен сатып жатат, анда электр тогун 6 центтен, сууну да биржанын баасы менен сатып алсын. Ошол эле арак чыгаргандар да дотацияны пайдаланбай, жогорку баада төлөсүн», — деди Акылбек Жапаров.
Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы өзгөртүлгөн. Андан бери 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт. Ал эми өнөр жай, ишкердик субъектилер жана бюджеттик мекемелер үчүн тариф — 2 сом 24 тыйын.