Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8,6 млрд куб метрге жетти

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 691 | 0

Бүгүн, 22-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 644 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 463 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 371 куб метрге жетүүдө.

Былтыркы жылдын ушул мезгилинде Токтогул суу сактагычында 11 млрд 555 млн куб метр суу бар болчу.

Суунун деңгээли аз болсо, электр тогунун кубаттуулугу төмөндөйт. Мисалы, Токтогул ГЭСи 1200 мВт кубаттуулуктагы электр энергиясын иштеп чыгарууга ылайыкталган. Эгер суунун көлөмү 6,5 млрд куб метрге чейин азайса, элдин пайдалануусуна эсептелген электр энергиясын иштеп чыга албай калат. Тактап айтканда, жарык өчүү башталат.

Кыргызстанда электр тогун маал-маалы менен өчүрүүлөр 2004-жылдары болгон. Кийин 2008-жылдары да бир күндө 6 сааттан жарык өчүп турган.

Copyright © 2017 Maral FM