Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 10,8 млрд куб метрге чейин азайды

Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 328 | 0

Бүгүн, 6-декабрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 897 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 166 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 391 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM