Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суу азая баштады

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 418 | 0

Бүгүн, 29-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 10 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 212 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 446 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM