Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде дээрлик 12,1 млрд куб метр суу бар

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 492 | 0

Бүгүн, 19-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 190 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 229 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 386 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM