Биз менен байланышыңыз

Бекмурзаев: 1-ноябрдан тарта жарыкты пландык өчүрүү токтотулат

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 452 | 0

Электр энергиясын пландык өчүрүүлөр 1-ноябрдан тарта токтотулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, пландык оңдоо иштери 2 жылдык көлөм бир жылда жасалып жатат.

«1-ноябрга чейин бардык оңдоо иштерин аяктаганга аракет кылып жатабыз. 1-ноябрдан баштап күндүзгү пландык өчүрүүлөрдү токтотобуз. Ошого аракет кылып, балдарыбыз күнү-түнү иштеп жатат» , — деди Бекмурзаев.

Жыйында бир катар депутаттар айылдарда бир нече айдан бери «пландык өчүрүү» деп күн сайын жарык өчүрүлүп жатканын белгилешип, ошол эле учурда өздөрү да күбө болушканын айтышты.

Copyright © 2017 Maral FM