Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 7,9 млрд куб метрге чейин азайды

Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 363 | 0

Бүгүн, 14-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 944 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 164 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 209 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

Кыргыз бийлиги Токтогулдагы суунун деңгээлин критикалык чекке жеткирбей кармап турууга аракет көрүп келет. Бирок суунун көлөмү 5,5 млрд куб метрге түшүп кетсе, анда ГЭСтин агрегаттарын токтотууга аргасыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM