Биз менен байланышыңыз

Евразия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСин оңдоого каражат бөлөт

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 620 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2015-жылдын 31-июлунда кабыл алынган «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо 2-фаза» долбоорун каржылоо үчүн Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн «Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Финансы министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганын кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM