Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 11,1 млрд куб метрге чейин азайды

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 541 | 0

Бүгүн, 26-ноябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 178 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Суунун агып келиши секундасына 167 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 521 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM