Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суу азая баштады

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 553 | 0

Бүгүн, 20-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 172 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 190 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 399 куб метрге жетүүдө.

19-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 190 млн куб метрди түзсө, 18-октябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 млрд 204 млн куб метрди түзгөн болчу.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM