Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8,5 млрд куб метрге чейин азайды

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 286 | 0

Бүгүн, 16-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 539 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 144 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 556 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин, башкача айтканда, кооптуу чекке жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM