Connect with us

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 9,5 млрд куб метрге чейин азайды

Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 385 | 0

Бүгүн, 15-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 596.82 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 147 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 552 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин, башкача айтканда, кооптуу чекке жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM