Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 9 млрд куб метрге чейин азайды

Кыска кабар | 31 Янв 2022 | 270 | 0

Бүгүн, 31-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 61 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 132 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 600 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин, башкача айтканда, кооптуу чекке жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM