Биз менен байланышыңыз

«Суу берүү боюнча коңшу өлкөлөр менен келишим Кыргызстанды артка тартууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2022 | 669 | 0
Мырзатай Султаналиев

Жыл сайын Кыргызстан Казакстан, Өзбекстан менен суу берүү боюнча эл аралык келишим түзөт. Анын негизинде коңшу өлкөлөр жаз, жай убагында Кыргызстандан көбүрөөк көлөмдө суу алышып, ордуна электр энергия беришет.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев «Маралдын» эфиринде жогоруда аталган келишим жазында түзүлөрүн, бирок эмнегедир Кыргызстан күзүндө гана аткарарын билдирди.

«Ошондой эле Түштүк Казакстан менен Өзбекстан өздөрү электр энергияга муктаж. Алар күзүндө электр энергияны бере башташат да, суук түшүп кетсе, токтотуп коюшат. Андан кийин «бизде суук болуп калды, электр энергияны эми жазында беребиз» дешет. А бирок бизге жазында керек эмес да. Бизге ошол күз, кышка чейин керек болуп жатпайбы. Канчалык электр энергияны кеч берсе, ошончолук суунун көлөмү көбүрөөк кетип калат. Ошондуктан биз бул өлкөлөр менен сүйлөшүп, келишим түзүп жаткан кезде да көбүрөөк артка кетип калып жатабыз», — деди ал.

Быйыл да ушундай келишим түзүлөрүн, Өкмөт жана Энергетика министрлиги эски жолго түшүп, терс көрүнүш кайра кайталанарын кошумчалады эксперт.

Анын пикиринде, бул маселени катаал коюу керек.

«Эгерде суу керек болсо, анда бизге күзгө чейин ушундай көлөмдө электр энергия бересиңер» деген талап коюу керек, болбосо чектөөлөрдү киргизип, «октябрь айына чейин бүтүрүшөлү» деп сүйлөшүү керек. Анткени октябрдан кийин суук түшүп кетип, электр энергияны бере албай калышат», — дейт ал.

Мындан сырткары Султаналиев бизде суу аз болуп жатканын коңшу өлкөлөр да көрүп-билип турганын айтып, сууну азыраак берип, кийинки жылдары кайтарып берүү шарты менен электрди көбүрөөк алып туруу зарылчылыгына токтолду. Ошондой эле ал Түркмөнстан, Тажикстан өлкөлөрү менен келишим түзүп, аларга да электр киргизүү керек деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM