Биз менен байланышыңыз

«Токтогул ГЭСине суу толтуруунун бир гана жолу бар…»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2022 | 1342 | 0

18-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында Токтогул ГЭСине барган. Ал станциянын учурдагы иши, суунун көлөмү жана төртүнчү гидроагрегатта жүрүп жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат алган. Акылбек Жапаров оңдоп-түзөө иштерин өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо тапшырмасын берип, 1-апрелге карата суунун көлөмүн кеминде 8 млрд куб метрге жеткирүү тапшырмасын берген.

Учурда Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 7,9 млрд куб метрди түзүүдө. Энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев «Маралдын» эфиринде суу толтуруунун бир гана жолу бар экенин айтып берди.

Анын айтымында, чектөөлөрдү киргизүү керек. Тагыраагы, эл пайдаланган электр энергияны чектөө зарыл. Мунун негизинде гана суу көбөйөт.

«Бул ишти мурда эле баштоо керек болчу. Азыркы тапта эл кыйналып калбагандай кылып, күндүз сууга чектөө киргизүү керек. Андан кийин жайында да сөзсүз түрдө чектөөлөрдү киргизип, сууну сактап калуу абзел. Бул — эл үчүн жакшы нерсе. Анткени кышында катаал суук болуп жаткан учурда электр энергияны өчүрүп койсо, же жылуулук жок, же тамак-аш жасай албай калсак, өтө оор болот. Ошондуктан туура түшүнүү керек», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM