Биз менен байланышыңыз

«Бийлик энергетика боюнча популисттик чечим кабыл алып койду»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2022 | 728 | 0

2021-2022-жылдары биздин бийлик жана энергетика тармагынын өкүлдөрү өтө популисттик чечим кабыл алып койду. Мындай пикирин энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, алар айткан сөзүн аткарышты, бирок кабыл алган чечимдин келечегин жана кесепеттерин ойлошкон жок.

«Биз быйыл светти өчүрбөйбүз, эч нерсе кылбайбыз, жакшынакай кылып өткөзөбүз» деп айтып чыгышты. Албетте, айткан сөзүн аткарышты, бирок мунун келечегин ойлошкон жок. Кыш ушундай жумшак болгондон кийин мүмкүн болушунча чектөөлөрдү киргизип, сууну сактап калышы керек эле», — деди эксперт.

Мындан сырткары ал быйыл суунун, кардын көлөмү былтыркыдан аз экенин айтып, азыркы тапта өлкөдө 2023-жылга карата суу топтоо өтө оор болуп жатканын билдирди.

Быйыл сууну 10 млрд кубга чейин гана топтой ала турганбызды кошумчалады Султаналиев.

Copyright © 2017 Maral FM