Биз менен байланышыңыз

«Камбар-Ата-1» ГЭСи өндүргөн энергияны экспорттоого толук мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 1177 | 0

Кыргызстан энергетика тармагында сырткы инвесторлорго тийиштүү шарттарды түзүшү зарыл. Мындай пикирин энергетика тармагы боюнча адис Мырзатай Султаналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Камбар-Ата-1» ГЭСи курулуп, ишке кирген соң, өндүрүлгөн электр жарыгын сатуу жагында да мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керек.

«Өкмөт бүгүн шарт түзгөнүн айтат. Электр энергияны сатуу бөлүштүрүүчү, жеткирүүчү компанияларга жүктөлгөн. Бул жагы туура эмес болуп калгандыктан жергиликтүү инвесторлор чакан ГЭСтерди куруп, электр энергиясын сата албай жатышат», — дейт Султаналиев.

«Камбар-Ата-1» ГЭСи курулуп калса, өндүрүлгөн электр энергиясын экспорттоого толук мүмкүнчүлүк бар. Бул жерде тарифтерди өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок. Аталган ГЭСтин өндүрүмү Кыргызстанда чыгарылган электр жарыгынын 30%ын түзөт, демек өлкөгө электр энергиясы жетиштүү.

Copyright © 2017 Maral FM