Биз менен байланышыңыз

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 1128 | 0

«Камбар-Ата-1» ГЭСин өз алдынча курууга Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жок. Мындай пикирин энергетика тармагы боюнча адис Мырзатай Султаналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Камбар-Ата-1» ГЭСинин кубаттуулугу 1.8 млн мегаВатт болушу керек. Аны куруу үчүн ири каражат талап кылынат. Маселен, эл аралык тажрыйбага таянып, ар бир килоВаттка 2 миң доллардан эсептегенде, жок дегенде 4 млрд долларлык курулуш иштери бар. Мындан улам Кыргызстан бул долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жок.

«Бул ГЭСти куруу — чоң долбоор. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда долбоорду баштоо жөнүндө келишим түзүлдү. Аны 3 жылда бүтүрүүгө мүмкүн, анткени долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси болушу шарт, каражат булактарын табуу керек. Бул менин жеке оюм. Ал эми мындай объектилердин курулушу 10-15 жылды талап кылат» — дейт Султаналиев.

Ал мындан сырткары «Камбар-Ата-1» жана «Камбар-Ата-2» ГЭСтери уникалдуу долбоор экенин белгилеп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM