Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда унаа сууга түшүп кеткен, жабыркагандар жок

Кыска кабар | 21 Ноя 2021 | 479 | 0

Жайыл районунда жеңил унаа сууга түшүп кеткен, жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 162-чакырымында (Жайыл району) «Киа» үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен.

Унаадагы 20 жаштагы 2 эркек жаран эч кандай жаракат алышкан эмес.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 154-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылып, унааны суудан чыгарып, эвакуаторго жүктөөгө жардам беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM