Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир жумада 117 чет өлкөлүк унаа жол эрежесин бузган

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 389 | 0

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 117 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-июлдан 6-августка чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унааларга карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Жол эрежесин бузган 117 чет өлкөлүк автоунаанын ичинен Орусияга таандык — 33, Армениянын — 11, Абхазиянын — 7, Казакстандын — 1, төрт жана башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар катталган.

Аныкталган унааларга тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай багытта эреже бузган төрт унаа айып короосуна киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM