Биз менен байланышыңыз

Акыркы жумада өлкөдө 17 миң жол эрежесин бузуу катталды

Кыска кабар | 24 Янв 2022 | 274 | 0

Акыркы бир жумада өлкөдө 17 миң 761 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Акыркы жумада республикада 17761 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алардын ичинен:

  • жогорку ылдамдыкта айдаганы үчүн — 1733;
  • тиешелүү документтери жок унаа башкарганы үчүн — 198;
  • ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 6711;
  •  ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 15;
  • жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузганы үчүн – 279;
  • ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 144;
  • жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн –8005;
  • айнектери караңгылатылган унааны башкарганы үчүн -40;
  • мас абалында транспорт каражатын башкарганы үчүн – 212;
  • унаа токтотуучу жайга токтотулду – 840.

Copyright © 2017 Maral FM