Биз менен байланышыңыз

Чүйдө бир аптада 4730 жол эрежесин бузуу катталды

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 491 | 0

Чүй облусунда 1-7-февраль аралыгында айдоочулар тарабынан 4 миң 730 жол эрежеси бузулду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 47 айдоочу мас абалында, 1 482си катуу ылдамдыкта, 40ы айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган. Калган 148 унаа айып аянтчасына киргизилген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды жол эрежесин бузбоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM