Биз менен байланышыңыз

Коопсуз шаар: Эреже бузууларды каттоочу камералар штаттык режимде иштеп жатат

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 793 | 0

6-марттан 7-мартка караган түнү «Коопсуз шаар» долбоорунун ишиндеги техникалык себептерге байланыштуу адистер оңдоп-түзѳѳ, ошондой эле айрым сервистерди жакшыртуу максатында иштерди баштаган. Аталган иш-аракеттер айыптарды текшерүү боюнча сервиске дагы таасирин тийгизген. Ушуга байланыштуу азыркы учурда жарандардын эрежелерди-бузуп бузбагандыгы боюнча айыбы бар же жок экендигин текшерүү мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Жогоруда аталган иш-аракеттер камералардын жол коопсуздук эрежелериндеги бузууларды жаздырып алуу боюнча функциясына таасирин тийгизген эмес, азыркы учурда жол эрежелерин бузган айдоочуларды жаздыруу кадимкидей эле уланууда.

Аткарылып жаткан жумуштар орнотулган аппараттык-программалык комплекстердин ишине таасирин тийгизген жок. Жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат жана ыйгарым укуктуу органдын кызматчылары алынган маалыматтарды талдап чыгуу боюнча жумуштарды аткарууда, анын натыйжасында мыйзамдарда каралган тиешелүү укуктук чаралар кѳрүлѳт.

Учурда техникалык жумуштар аяктоо алдында турат. Жакын арада айыптарды текшерүү сервиси кайрадан иштей баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM