Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эки күндө 900гө жакын жол эрежесин бузуу катталды

Кыска кабар | 20 Сен 2020 | 646 | 0

18-19-сентябрь күндөрү жол кырсыгынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол эрежесин камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкекте 871 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

  • Мас абалында унаа башкаруу – 33;
  • Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 6;
  • Документтери жок унаа башкаруу – 30;
  • Ар кандай эреже бузуулар – 802.

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 104 унаа токтотулган.

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо сак болууга жана жол кыймылынын эрежесин так сактоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM