Биз менен байланышыңыз

Үч айда жол эрежесин бузуу боюнча 26 млн сом айып пул өндүрүлдү

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1121 | 0

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 3 айдын ичинде 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протокол толтурулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, бул көрсөткүч өткөн жылдын 3 айына салыштырмалуу 58 миң 504 протоколго көп болгон.

Алардын ичинен:

  • Айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү документи жок унаа башкаруу — 1074;
  • Мас болуп машина айдоо — 923;
  • Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатуу -183;
  • Тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорттук каражатты башкаруу — 95;
  • «Коопсуз шаар» долбоору боюнча — 1164 ;
  • Авто ээнбаштык -15;

Ушул жылдын 3 ай ичинде түзүлгөн протоколдорго 121 млн 621 миң сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 26 млн 487 миң 430 сом өндүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM