Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мас айдоочу банктын имаратын сүзүп алды

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 783 | 0

Бишкекте 27-апрель күнү түнү «Субару» унаасынын мас айдоочусу коммерциялык банктын имаратын сүзүп алган. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде түнкү саат 22:30дар чамасында «Субару» унаасынын 1988-жылы туулган мас айдоочусу Безымянный көчөсү аркылуу чыгыш багытында бара жаткан. Юнусалиев көчөсүнүн кесилишинде рулга ээ боло албай калып, коммерциялык банктардын биринин имаратын сүзүп алган.

Унаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, айдоочуга карата протокол толтурулган. Ошондой эле айдоочу коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM