Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы банктардын активдер боюнча рейтинги (тизме)

Кыска кабар | 25 мая 2020 | 1194 | 0

«Оптима Банк» активдеринин көлөмү боюнча Кыргызстандагы эң ири банк статусун сактап келүүдө, активи 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 35,9 миллиард сомго жеткен.

Экинчи орунда «Айыл Банк» турат. Өткөн жылдын аягында банктын активдеринин көлөмү дээрлик 30 миллиард сомду түзгөн.

Үчүнчү орунда «Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкы» (KICB) турат. Анын активдеринин көлөмү 27,9 млрд сомду түзгөн.

Төртүнчү орундан алтынчы орунга чейин «Демир Банк» (23,2 млрд.), «РСК Банк» (23 млрд.) жана «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» (12,67 млрд.) түзөт.

«Халык Банк Кыргызстан» (9,78 млрд.) рейтингдин өсүшү боюнча лидер болуп, рейтингде 7-орунду ээледи. Ал эми «Компаньон банкы» иш жүзүндө сегизинчи орунда турат (9,76 млрд.).

«Финка Банк» 9 миллиард сомдук босогодон өтүп, 9-орунду ээледи.

Өлкөдөгү эң ири он банктын онунчусу болуп, «Бакай Банк» (8,3 млрд.) тизмеге кирген.

Кыргызстандагы банктардын активдер боюнча рейтинги

2019 2018
1 Оптима Банк
35 931
31 137
2 Айыл Банк
29 980
29 123
3 KICB
27 905
26 638
4 ⇑ 1 Демир Банк
23 196
20 101
5 ⇓ 1 РСК Банк
23 088
20 530
6 КБ КЫРГЫЗСТАН
12 675
12 609
7 ⇑ 3 Халык Банк Кыргызстан
9 781
7 137
8 ⇓ 1 Банк Компаньон
9 760
8 453
9 ⇓ 1 ФИНКА Банк
9 013
7 907
10 ⇑ 1 Бакай Банк
8 327
6 112
11 ⇓ 2 Банк Бай-Түшүм
8 246
7 483
12 Керемет Банк
8 211
5 007
13 ⇑ 1 Дос-Кредобанк
4 725
3 381
14 ⇓ 1 Кыргызкоммерцбанк
4 623
3 754
15 ⇑ 1 Азия банкы
4 161
2 975
16 ⇓ 1 ЭкоИсламикБанк
3 150
3 164
17 Кыргыз-Швейцар банкы
3 059
2 478
18 Капитал Банк
2 302
1 868
19 ⇑ 2 ФинансКредитБанк
2 026
1 626
20 Пакистан Улуттук банкынын филиалы
1 926
1 707
21 ⇓ 2 Банк Толубай
1 819
1 762
22 Аманбанк
721
976
23 Евразия сактык банкы
492
526

Copyright © 2017 Maral FM