Биз менен байланышыңыз

Ишмердүүлүгүн жанданткан ишканаларга 900 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 25 мая 2020 | 1083 | 0

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 900 миң сомдон ашык суммага айып салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Ушул жылдын 1-майынан 22-майына чейин республиканын оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуунун алкагында, ӨК жана ӨА режими алынгандан кийин ишмердүүлүгүн жанданткан объекттерди текшерип чыгышты.

Республика боюнча жалпы 6891 объект текшерилди:
Бишкек – 768;
Ош облусу – 2706;
Баткен облусу – 590;
Жалал-Абад облусу – 543;
Талас облусу – 180;
Ысык-Көл облусу – 1385;
Чүй облусу – 428;
Нарын облусу – 245.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлдү:
2710 жазма эскертүү;
707 протокол;
9 эскертүү.

Коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине жалпы суммасы 977 миң сомго айыптар салынды. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM