Биз менен байланышыңыз

Президент жол эрежесин бузгандарга айыппулду төмөндөтүүгө кол койду

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 5416 | 1

Президент Сооронбай Жээнбеков Бузуулар жана Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алынган.

Өзгөрүүлөр Бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерин жакшыртуу, жарандардын жоопкерчилигин ажыратып бөлүү бөлүгүндө, акыйкат жана гуманизм принциптерине таянып, бузуулардын айрым категориялары үчүн айыппулдардын өлчөмдөрүн өзүнчө белгилөө максатында кабыл алынды.

Мыйзам менен өлкөнүн Бузуулар жөнүндө кодексинини 123-1-беренесинде (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) көрсөтүлгөн айрым бузуулар үчүн айыппулдун өлчөмү 3 000 сомдон 1 000 сомго чейин төмөндөтүлгөн:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү, же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

— коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо, же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

— светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;

— каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).

Ошону менен бирге транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөзүлүп (айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин), укук бузуунун жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM