Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир жумада 5,4 миңдей жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 402 | 0

2021-жылдын 16-апрелинен 22-апрелине чейин Бишкек шаарынын аймагында кайгуул кызматкерлери тарабынан 5 миң 359 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— мас абалында автоунаа башкаруу — 24;
— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 9;
— айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу — 48;
— башка жол эрежелерин бузуулар — 5 278.

Ар кандай эреже бузган 333 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM