Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Айыптар тартип бузган адамдарга негизделген

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Янв 2019 | 690 | 0

Жаңы кабыл алынган кодекс жана мыйзамдарды Ички иштер министрлиги, жол коопсуздугунун кызматкерлери өзүнө ылайыктап алган эмес. Себеби мыйзамдарды иштеп чыгууда ИИМ тиешелүү маалыматтарды гана берген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдан бери сот-укуктук реформанын алкагында бир топ мыйзамдарды кайрадан иштеп чыгып, аларды тепкичтерге бөлүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Анын негизги бөлүгүн окумуштуулар, укук таануучулар жана юридика илимдеринин докторлору түзгөн. ИИМ тарабынан жумушчу топко кирген 3 кызматкер тиешелүү статистикалык маалыматтарды гана берип турган.

«Жумушчу топтун негизинде оор кылмыштардан «Кылмыш-жаза кодекси», майда кылмыштардан «Жоруктар жөнүндө кодекс» кабыл алынды. Ал эми «Бузуулар жөнүндө кодекске» эреже бузуулар киргизилди. Бул үч тепкичтен турган жазанын эң ылдыйкы суммасы 1000 сом өлчөмүндө. Ал эми эң жогорку айып пул жеке жактар үчүн 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сомду түзөт. Мындай өлчөмдөгү айыпты эксперттер карап киргизди», — дейт Саркулов.

Ал белгелегендей, мыйзамдарды иштеп чыгуудагы негизги принцип криминалдарды азайтуу, гумандуулукту жогорулатуу, жарандардын укугун коргоо менен бирге алардын мамлекет алдындагы милдетин күчөтүү болуп саналат.

«Айып пул дүйнөлүк тажрыйбада кырсыктарды жөнгө салууда негизиги рычаг катары каралбайт. Бул анын бир бөлүгү болуп эсептелет. Айып пулдун жогорулашы менен коом тартипке келип, жоопкерчилик чечилип калат деген нерсе — жаңылыш маселе. Тагыраагы, айыптар тартипти бузгандарга негизделген. Ал эми эреже бузбаган, мыйзамды сыйлаган адамдарга чара көрүү маселеси каралган эмес», — дейт Саркулов.

Copyright © 2017 Maral FM