Биз менен байланышыңыз

Европа: Бет кабы жокторго миң еврого чейин айып пул салынат 

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 681 | 0

Брюссель падышалыгында барлар менен ресторандар бейшемби күндөн тарта бир айга жабылат. Бул чара азырынча Бельгиянын борборуна гана тиешелүү. Жаңы премьер-министр Александр де Кроонун айтымында, падышалыктын башка аймактарындагы кырдаал да кооптонууну жаратууда.

«Фландрия жана Валлон аймактарында жугуштуу оорулардын жана ооруканага жаткырылгандардын көбөйүшүнө байланыштуу коомдук тамактануу жайлары жума күндөн тартып кечки саат 11ге чейин эле иштейт. Башка адамдар менен үчтөн ашпаган учурда гана байланышууга болот», — деп жазат «Euronews».

Шотландиянын борбордук беш округунда, анын ичинде Эдинбург жана Глазго шаарында кафелер, бильярд залдары жана казинолор 9-октябрдан тарта эки жумага жабылат. Жаңы чектөөлөр Шотландияда акыркы суткада биринчи жолу коронавирус инфекциясын жуктурган 1000ден ашуун бейтап катталгандан көп өтпөй жарыяланды.

«Жогоруда аталган райондордон башка аймактарда коомдук тамактануу жайлары азырынча ишин уланта алат, бирок кечки саат алтыдан кечикпей жабылышы керек. Мейманканалардагы ресторандар кечки саат алтыдан кийин иштейт, бирок коноктор үчүн гана. Бул учурда алкоголдук ичимдиктер алынып салынат», — деди Шотландиянын биринчи министри Никола Стерджон.

Италиянын өкмөтү өзгөчө режимди 2021-жылдын 31-январына чейин узартты. Бейшемби күндөн баштап, бет кап режими милдеттендирилди. Премьер-министр Джузеппе Конте бет кап кийбегендиги үчүн айып пул миңдеген еврону түзөрүн айтты. Конте өкмөттүн атынан жакындарын коргоо үчүн үйдөн да бет кап колдонууну сунуштады.

Чехияда өткөн суткада ооруну жуктуруп алган 4457 бейтап катталды, бул республикада эң жогорку көрсөткүч болду. Дүйшөмбү күнү, өлкөгө бир айлык өзгөчө кырдаал режими кайрадан киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM