Биз менен байланышыңыз

«Европалыктардын юридикалык билими жогору, бирок саясат менен алектенишпейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2020 | 948 | 0

Европалыктардын юридикалык билими жогору. Бирок саясат менен көп алектенишпейт. Маселен, Европарламенттин төрагасы ким экенин калктын 80 пайызы билбейт. Бул тууралуу ишкер Аман Сейдакматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, европалыктар өлкөдөгү саясий кырдаалдар боюнча көп кабардар болушпайт жана ага кызыгышпайт. Саясатчылар бийликке «май-сүт» топтоо үчүн эмес, Мекенге кызмат кылуу үчүн барышат жана өлкөдөгү системаны жакшы билишет.

Европада мамлекеттик түзүмдөр өз ордунда жана милдеттерин так аткарат. Сот системасы бийликтен көз карандысыз.

«Ар кандай абалга карата адамдардын көз карашы абдан мааанилүү. Маселен, бизде коррупционерди макташат. Ал эми Европа коому паракорчулук менен кармалгандарды катуу ашкерелейт. Алар ошол нерсеси менен өзгөчөлөнөт. Биз Манас кайра жаралып, туңгуюктан чыгарып кетчүдөй күтөбүз, эл өзү шарт түзбөйт», — дейт Сейдакматов.

Copyright © 2017 Maral FM