Биз менен байланышыңыз

«Бизде адамдар башкалардын оюнан көз каранды…»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2020 | 889 | 0

Европада жарандардын адамдык өнүгүүсү абдан жогорку деңгээлде. Мындай пикирин ишкер Аман Сейдакматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында,  Европада жарандардын кирешеси жогору болгондуктан, өзүнө бош убакыт бөлүп, күнүн каалагандай өткөрө алышат. Ал эми Кыргызстанда калктын 70 %ынын тапкан акчасы тамак-ашынан артпайт.

«Мындай коомдо адамдарга: «Эмне үчүн китеп окубайсың? Өнүкпөйсүң, маданияттуу болбой жатасың», — деген талап коюу уят. Анткени ал адамдын башка нерсе менен алектенүүгө чамасы да, убактысы да, каржылык мүмкүнчүлүгү да жок. Европалыктардын инсандык өнүгүүсү жогорку денгээлде. Ошонусу менен айырмаланат. Европада адамдар ушунчалык жөнөкөй. Ал эми Кыргызстанда адамдар кандайдыр бир калыпта жүрөт да, башкалардын оюна көз каранды. Мындай көрүнүш Европада жок. Мындай деңгээлге жетүү үчүн адамдык өнүгүү себеп болгон», — дейт Сейдакматов.

Ал Европа дегенде бай тарыхка ээ, бекем тартип орногон жана адамдар эркин ой жүгүрткөн өлкө эске келерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM