Биз менен байланышыңыз

Европа жакыр өлкөлөргө 100 млн доза коронавируска каршы вакцина берет

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2021 | 897 | 0

Европа Биримдиги ушул жылдын аягына чейин жакыр мамлекеттерге коронавируска каршы 100 миллион доза вакцина таратууну ниеттенип жатат. Мындай пикирин Европа Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен Римде «G20» саммитинин алкагында өткөн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо боюнча видео кайрылуусунда билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

«Европа Биримдиги ушул жылдын аягына чейин орто жана аз кирешелүү өлкөлөргө кеминде жүз миллион доза вакцина түрүндө жардам берүүнү көздөп жатат» , —  деп кайрылган.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVAX ынтымагынын вакциналары начар өнүгүп жаткан жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналарды берген.

Copyright © 2017 Maral FM