Биз менен байланышыңыз

Президент Европа кеңешинин төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 30 Авг 2021 | 641 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Диалог Европа кеңеши тарабынан демилгеленген.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-европа көп пландуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, региондогу кырдаалдын өнүгүшү, анын ичинде Ооганстандагы абал боюнча пикир алмашуу болду.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу эң жакшы тилектерин айтты.

Ал Европа үстүбүздөгү жылы Садыр Жапаровдун Брюсселге келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Жапаров Кыргызстан үчүн Европа Биримдиги менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенине өзгөчө токтолду.

Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары эки тараптуу багыттагы алака кеңейип жатканын белгилеп, кыргыз тараптын кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына пландалган “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке делегация жөнөтүүгө даяр экендигин ырастады.

Copyright © 2017 Maral FM