Биз менен байланышыңыз

Европада газ күн санап кымбаттап баратат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 755 | 0

Европада газдын баасы бүгүн үчүнчү күнү катары менен көтөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө миң куб метри 1150 доллардан ашты. Бул тууралуу Лондондогу ICE биржасынын маалыматында айтылат.

Европада газдын баасынын өсүшү апрель-май айларында башталган, анда миң куб метрине 250-300 доллар болсо, жайдын акыркы күндөрүндө бир күндүк жеткирүү келишиминин баасы бир топ өзгөргөн. Ал эми октябрь айынын башында 600 доллардан ашкан.

Ноябрдын башында газга болгон баа 750 долларга түшүп, кайра кескин көтөрүлүп кеткен. Акыркы үч күндө 1150 доллардан сатылып баштаган.

Европада 1996-жылдан бери газ сатып алууда мынчалык жогорку баа коюлган эмес.

Эксперттер баанын көтөрүлүшүн бир нече факторлор менен байланыштырып жатат: жер астындагы кампаларда газдын азайышы; негизги жеткирүүчүлөрдүн чектөө киргизиши; Азияда суюлтулган газга суроо-талаптын жогору болушу.

Азырынча Европада газ рыногундагы кырдаал оор бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM