Биз менен байланышыңыз

«Европалыктар жөнөкөй бойдон кала алышат»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2020 | 1400 | 0

Кыргыздар байыса, кымбат унаа сатып алып, чоң үй курат да, той берет. Ал эми Европада байлар да жөнөкөй унаа айдап, көчөгө велосипед менен чыга алат. Аларда «акчам бар, мүлк алышым керек» деген түшүнүк жок. Бул эң туура түшүнүк экенин режиссер Сүйүн Откеев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Балким Европа мындан бир топ жыл мурда мактанып бүткөндүр. Учурда алар бири-бирине каржылык жактан мактана алышпайт. Ал эми биз мактанып, элге көрсөтүшүбүз керек. Балким биз да 10-15 жылда арылабыз. Алсак, Ангела Меркель бийликке келгенден бери өзгөргөн жок, жөнөкөй жашоосу бар. Башка президенттер менен салыштырып көрсөк, айырма асман менен жердей. Европалыктар жөнөкөй бойдон кала алышат, бул эң чоң өзгөчөлүк», — дейт Отукеев.

Анын айтымында, Европа дегенде алгач таза, өнүккөн өлкөлөр эске келет. Бирок акыркы убакта өлкөгө башка жактан да жарандар көп кирип жаткандыктан Батыш Европада терс маанайдагы өзгөрүүлөр пайда болууда. Ал саясатка да таасир этүүдө. Маселен, 20 жыл мурдагы Германия менен азыркы Германиянын айырмасы бар.

Европа билим жаатында да ири жетишкендиктерге ээ болгондуктан өзүн өнүктүрүүнү каалаган жаштар көп барат. Европа тарыхтан сабак алып, тажрыйбасын туура багытта колдонууга жетишти.

Copyright © 2017 Maral FM