Биз менен байланышыңыз

Откеев: Эл онлайн-кинотеатрга көнө баштады

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2021 | 988 | 0

Кинорежиссёр жана продюсер, «Этномедиа» кинотеатрынын негиздөөчүсү Сүйүн Откеев «Маралга» берген маегинде эл онлайн-кинотеатрга көнө баштаганын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө онлайн-кинотеатрларга талап бар болчу. Аталган тармак жаңы болгондуктан, көп изденүүнү, эмгекти талап кылууда.

Кинорежиссёрлордун эмгеги бааланбай, жадагалса, тасмаларын телеканалдар да уруксатсыз коюп келген. Алардын эмгегин баалоо максатында онлайн-кинотеатр ачылды. Продюсерлер киносун монетизация кыла алат. Мындан сырткары платформа авторго карап, кино тандоого мүмкүнчүлүк берет.

Онлайн-кинотеатрда 300гө жакын кино бар. Алдыда платформаны чоңойтуу, башкача айтканда, казак, өзбек тасмаларын камтуу пландалууда.

«Телефон үчүн тиркеме иштелип чыккан. Учурда сыналгы үчүн да тиркеме жасалууда. Мындан сырткары сайт да иштейт. Бизде жаңы кинону 95 сомго сатып алып, 7 күн бою көрүүгө болот. Абоненттер 115 сом төлөп, бир ай бою эски кинолорду көрө алышат. Платформада акысыз тасмалар да бар. Учурда катталуучулардын саны 30 миңден ашты. Өзгөчө мигранттар кубанууда. 90 өлкөдөн көрүүчүлөр бар. Пандемияда онлайн-кинотеатрдын долбоорун иштеп, өткөн жылы 17-ноябрда Кыргыз киносунун туулган күнүндө тесттик режимде иштеп баштаганбыз», — дейт Откеев.

Ал платформа кыргыз киносунун өнүгүүсүнө жардам берерине ишеним артты.

Эске салсак, өлкөдөгү алгачкы онлайн-кинотеатр расмий түрдө ушул жылдын 17-февралында ишин баштады.

Copyright © 2017 Maral FM