Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда маданий жана оюн-зоок иш-чараларына уруксат берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 817 | 0

Өзбекстанда маданий жана оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө уруксат берилди. Бул туурасында өлкөнүн Коронавирустун киришин жана жайылышын алдын алуу иш-чараларынын программасын даярдоо боюнча республикалык атайын комиссия билдирүү таратты.

«Көптөгөн маданият ишмерлеринин кайрылууларын эске алуу менен, ошондой эле элибиздин маданий эс алуусуна жагымдуу шарттарды түзүү максатында ушул жылдын 28-январынан баштап санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактап, концерттик иш-чараларды уюштурууга уруксат берилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда атайын комиссия маданий, оюн-зоок иш-чараларга келген көрүүчүлөр залдын 50%ынан ашпоосу, аларды отургузууда аралыктын так сакталышы, келгендер да, тейлөөчүлөр да беткапчан болуусу, эшиктин кире беришинде антисептикалык каражаттын сөзсүз болуусу деген талаптарды коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM