Биз менен байланышыңыз

Откеев жаш балдар үчүн кыргызча контент түзүү ниетинде

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2021 | 958 | 0

«Этномедиа» кинотеатрынын негиздөөчүсү Сүйүн Откеев «Маралга» берген маегинде жаш балдар үчүн тарбиялык мааниси бар кыргызча контент түзүү ниетин билдирди.

«Анда бир гана кино, сериал эмес, түрдүү кызыктыруучу шоу-программалар, спорт жана башкалар киргизилет. Мунун баары акырындык менен ишке ашат. Анткени бул тармак жаңы болгондуктан, иштеп кетүү оңойго турган жок. Баарынан да төлөө системалары маселе жаратты. Айылдарда терминал, электрондук капчыктар азыраак», — дейт Откеев.

Анын айтымында, онлайн-кинотеатрдын колдонуучулары каражатты банктык эсеп, терминал, электрондук капчык аркылуу төлөөгө болот. Төлөө системасын жөнөкөйлөштүрүү жагы каралууда.

Откеев «Этномедиа» кинотеатрына таандык продукцияларды чыгаруу планы бар экенин да билдирди.

«Менталитетке туура келбеген тасмаларды карайбыз. Элдин элегинен өткөн тасмалар коюлууда, баары текшерүүдөн өткөн. Башка тилдеги кызыктуу тасмаларды кыргыз тилине которууну пландап жатабыз. Бизде 50гө жакын киностудия бар, бирок каражат жоктугунан баары иштебейт. Биз монетизация маселесин жөнгө салып алсак, ошол студиялар менен иштешип, кино, сериал, шоу-программаларды тартуу планыбыз бар. Бул — менин эң көп каалаган нерсем», — деди Откеев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM