Биз менен байланышыңыз

«Форсаж-9» тасмасынын алгачкы бет ачары Орусияда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 681 | 0

«Форсаж-9» тасмасынын бет ачары ушул жылдын 20-майында Орусия өлкөсүндө көрсөтүлөт. Бул маалыматты «Universal Pictures» киностудиясынын басма сөз кызматы жарыялады.

Ошол эле учурда тасманын дүйнөлүк бет ачары 25-июнга мерчемделип жатат.

Буга чейин дүйнөлүк бет ачар 2020-жылдын 21-майына пландаштырылып, пандемияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Өтө көп көрүүчү топтоп, тасма тартуучуларга эң көп киреше алып келүүсү менен «Форсаж» сериялык тасмасы кино өндүрүшүндө блокбастер аталган. Тасманын алгачкы бөлүгү 2001-жылы АКШда тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM