Биз менен байланышыңыз

Швециянын кинофестивалына жалгыз көрүүчү катышат

Медайым Лиза Энрот Швециянын ээн аралында өтө турган кинофестивалдын жалгыз көрүүчүсү болуп тандалды.

Фестивалды уюштуруу тобунун аткаруучу директору Мирья Вестердин айтымында, алар 12 миң каттын ичинен Лиза Энротту тандашкан. Анткени ал коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө талыкпай кызмат көрсөткөн. Мындай мүмкүнчүлүккө жеткен Лиза:

«Медайым болуп иштеп жатып келген адамдардын арыз-муңун угуп, сооротуп, анализдерин алчумун.  Күн сайын болуп жаткан көрүнүштөн улам  дээрлик энергиям калбай калчу. А азыр бир жуманы таптакыр башкача өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Шамал, деңиз, таза аба — мунун баары мага абдан жагымдуу», — деди.

Пандемияга байланыштуу уюштуруучулар иш-чараны кадимки форматта өткөрбөө чечимин кабыл алышып, бир гана көрүүчү менен чектелишти. Тандоодон өткөн көрүүчү 29-январдан 8-февралга чейин Патер Ностер маяктары менен белгилүү болгон Хамнескар аралында Гетеборг кинофестивалынын конкурстук программасынын 60 тасмасын көрүп чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM