Биз менен байланышыңыз

Президент ЕККУ төрайымы Анн Линде менен жолугушту

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1424 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде Борбор Азия өлкөлөрүндө сапар менен жүргөн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрайымы жана Швециянын Тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушту.

Анда ар кыл чөйрөдөгү эки тараптуу байланыштарды бекемдөө маселелери жана жакынкы келечекте кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы ЕККУ менен, ошондой эле Швеция өлкөсү менен эки тараптуу негизде тыгыз кызматташууга дайыма даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан ЕККУнун аймагында эркиндик, демократия жана коопсуздук идеяларына берилген өлкө бойдон кала берерине токтолуп, Уюмдун принциптери менен милдеттенмелерин толук сактагандыгын ырастады.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров Швеция менен мамилелерди эки жана көп тараптуу форматта өнүктүрүү зарылдыгын айтып, анын коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасына жана экология менен айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

ЕККУнун учурдагы төрайымы Анн Линде Кыргызстан ЕККУнун өтө баалуу өнөктөшү жана мүчө-өлкөсү экенин айтып, Уюм кызматташууну улантуу ниетинде экенин белгиледи.

Гендердик теңчилик жана тынчтык менен туруктуулукту калыптандырууда аялдар маанилүү ролду ойной турганын, бул ЕККУнун артыкчылыктуу багыты экенин белгилеген Анн Линде Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин «Тынчтык менен туруктуулукту калыптандырууда аялдардын ролу жөнүндө» резолюциясын ишке ашыруу боюнча Иш-план кабыл алган, ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдарга 30 пайыздык квота киргизген аймакта биринчи өлкөлөрдүн болушу менен куттуктады.

Ошону менен бирге ал айлана-чөйрөнү коргоо маселелери да Уюмдун ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилеп, ушул жылы Климат жана анын коопсуздукка тийгизген таасири жөнүндө декларация кабыл алуу пландары жөнүндө маалымдап, Кыргызстан бул демилгени колдооруна үмүт артты.

Анн Линде Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы биргелешкен кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгына көңүл бурду.

Copyright © 2017 Maral FM