Биз менен байланышыңыз

Бишкекке эко-урна орноткон демилгечилер пластик иштеткен завод ачышты

Блог , Маек | 17 Дек 2021 | 6091 | 0

Бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаарындагы BeGreen экологиялык кыймылы пластикти кайра иштетүүчү чакан завод ачып жатат. Аталган экологиялык кыймыл 2019-жылдан бери Бишкек шаарынын аймагында 500дөй экологиялык таштанды челек орноткон. Шаарда желим бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрттөп, экологияга олуттуу зыян тийгизип келгени айтылат. Компаниянын табиятты коргоо жаатында жасап жаткан иштерин жана максаттарын BeGreenдин негиздөөчүлөрүнүн бири Аман Сейдакматов айтып берди.

— BeGreen экологиялык кыймылы пластикти кайра иштетүүчү чакан завод ачып жаткан экенсиздер. Буга эмне түрткү болду?

—Негизи бул ишти табият коргоочулар катары баштаганбыз. Кыргызстандагы жаратылыш көйгөйүн көп киши айтат, көп жерде бул тема козголот, бирок ошол эле убакта чечүүгө көп деле аракет болбойт. Анан биз: «Экодемилгечи катары жөн гана аракетибизди кылып коелу», — деп, пластик бөтөлкөлөргө челектерди коюп баштаганбыз. Биздин бөтөлкөгө окшош таштанды челектерибизди баары билсе керек. Ошентип биз бир таштанды челек коюу менен билинбей чоң жараян баштаган экенбиз. Себеби мунун арты менен өлкөнүн бардык аймактарында ошондой челектер коюла баштады. Өзүбүздүн таштанды челектердин саны 500гө жетти. Чакан завод ачуу мезгилдин талабы болчу, кийинки этап болчу. Сөзсүз түрдө ал нерсеге бир күнү жетет болчубуз. Азыр ошол этапка жетип отурабыз.

— Бул чакан заводду ачууга кимдер салым кошту? Техникалык жабдуулары кайсы жактан алып келинди? Завод кандай иштейт?

—Негизи бул ишти ушул этапка алып келүүдө аябай көп кишинин эмгеги сиңди. Эми көбүнчөсү жаратылышка кам көргүсү келген адамдардын, агаларыбыздын салымдары болду. Ал эми заводго келе турган болсок, аны биз өз күчүбүз менен ачып жатабыз. Техникалык жабдууларды Кытайдан алдырганбыз. Жабдуулардын иштөөсү, бизнес процесстер боюнча ар кандай донорлордон эксперттерди тартууга аракет кылуудабыз. Жалпы каражат өзүбүздүн күч десек болот. Биз сатып алган жабдуунун баасы: 80 миң доллар.

— Заводдун иштөө процесси кандай? Өзүңүздөр экологияны коргоо максатында иш алып барып жатсаңыздар, зыян тийгизбеген бир өзгөчөлүгү барбы? 

— Абдан жакшы суроо. Бул тема да көп жерде козголуп келет. Мисалы, «пластикти кайра иштеткенден көрө, жаңы пластик чыгаруу экологияга пайдалуураак экен» деген эксперттердин жыйынтыгы бар. Себеби, пластикти кайра иштетүүнүн өзүндө да жаратылышка зыянын тийгизе турчу нерселер колдонулгандыктан, бул нерсе да зыян депчи. Бирок азыркы биздин ачып жаткан заводдогу станоктор, техникалар — жаратылышка зыяны жок, эч кандай химиялык кошулмалары жок, бардыгы табигый механикалык жол менен иштей турган жабдуулар.

— Заводду курууда Бишкек мэриясы да жардам көрсөттүбү, себеби дайыма ушул маселени көтөрүп келет?

— Ооба, бул маселени Бишкек мэриясы 2013-жылдан бери көтөрүп келет. Учурда да Түркия менен биргеликте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу маселесинин үстүндө иш алып барып жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Бишкек мэриясынын бизге түздөн-түз салымы жок, бирок убагында таштанды челектерди каякка орнотууну билбей жатканда, колдоого алып, жер бөлүп берген.

— Сиз менен чогуу иштешип жаткан жаш ишкерлер кимдер? Алар боюнча да кыскача маалымат бере кетсеңиз…

— Бул ишти үч жигит баштаганбыз: мен, Бактыяр Замирбеков деген досум, анан Эргешмамбет уулу Самат. Үчөөбүз бул ишти экодемилгечи катары баштап, кийин Самат башка иштер менен алек болуп кеткен. Учурда командабызда Илимбек Бактыбек уулу, Бегимай Алтыбаева, Кыял Байтурова деген жаштардан чогулган командабыз бар. Ушул жаштар ушундай иштерди кылып жатабыз.

— Бул команданын негизги максаты кандай жана негизги кадамдары кандай болот? 

— Башынан койгон максатыбыз: таштандыны иргөө маданиятын пайда кылуу. Азыркы таштандыдан пайда болгон көйгөйдүн эң натыйжалуу жолу: аларды иргөө. Муну айтып эле койбой, ошол маданиятты калыптандыруу керек. Биздин максат ошол болгон. Азыр таштандыны жөн эле иргегенди үйрөтпөстөн, пластикти кайра иштетүү этабын да кайра кошуп жатабыз. Эң башкысы, толук цикл жаратуу. Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу планыбыз да бар, ал келечектин иши десек болот.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM