Connect with us

Парламентте айып пулдарынын өлчөмүн азайтуу демилгеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 961 | 0

Жогорку Кеӊеште бир катар кодекстерди өркүндөтүү жана бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын өлчөмдөрүн өзгөртүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору каралып, баардык фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу жана Өкмөт.

Мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн азайтууга багытталган. “Бузуулар жөнүндө кодекстин 123-беренесинде адилеттик принциби сакталган эмес. Алсак, айдоочу тарабынан токтотуу жана токтото туруу эрежелерин бузгандыгы үчүн жол чырактын тыюу салуучу белгисинен өтүп кетүү же болбосо, жол тескегичтин тыюу салган көрсөтүүсүнө баш ийбөө сыяктуу жоопкерчилик каралган.

Анчалык олуттуу эмес бузууларга жогорку айып пулдардын туура эмес коюлушуна нааразы болгон жарандардын кайрылуулары көбөйүп барат. Социалдык түйүндөрдө бузуулардын айрым категориялары боюнча өтө жогорку айып пулдардын коюлгандыгы сынга алынууда. Ошондон улам, сунушталган мыйзам долбоору жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына карата ишеним деңгээлин жогорулатууга, “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.

Депутат Таалайбек Масабиров автомашиналар өтө көбөйүп кеткендиктен улам, шаарлар ышталып жатканын эске салып, тийиштүү органдар автомашиналарды техникалык кароодон өткөрүшү зарыл экенин айтты.

Жеке менчик техкароо жайлары кызмат акысы үчүн автомашиналардан 1500 сомдон алууда. Аны мамлекет өзү колго алып, 300 сомдон эле кароодон өткөрсө, мамлекетке дагы, автомашина ээлерине дагы пайдалуу болмок”, — деп кошумчалады ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын өкүлү ушу тапта «Жолдо жүрүү эрежелеринин» жаңы долбоору иштелип чыкканын, ал бир айдын тегерегинде кабыл алынарын, андан “автомашиналар күндүз жарыгын күйгүзүп жүрүшү керек” деген талап алынып салынганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM