Биз менен байланышыңыз

«Сары кемселчендер» Франциядагы коопсуздук камераларын бузуп кетишти

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 627 | 0

Эки айдан бери уланып жаткан «Сары кемселчендер» митингдеринин катышуучулары Франциянын шаарларында чоң трассалардагы жол эрежесин көзөмөлдөгөн камералардын жарымынан көбүн сындырып, бузуп же боёк менен жаап кетишкен. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министри Кристоф Кастанье билдирген.

Министрлик иликтеп чыгып жарыялаганга чейин камералардын канчасы иштен чыкканы беймаалым болуп жаткан. Франциянын дээрлик бардык шаарларында камералар иштебей, жол эрежесин бузгандар аныкталбай, кооптуу жагдай жаралган.

Нааразылык акциясына чыккандар башында бензинге карата салык жана баанын көтөрүлүшүнө каршы талаптар менен чыкса, кийин жаңы талаптар кошулду. Арасында унаа жолдорундагы ылдамдык чеги 90км\сааттан 80ге түшурүлгөнүнө нааразылыктар айтылып, «көзөмөл камералары карапайым калктын чөнтөгүн кагыш үчүн коюлган капкандар» сыяктуу сыпатташкан. Бул себептен камераларга зыян беришкен.

Эске салсак, 17-ноябрда башталган «сары кемселчендер» акциялары ар аптанын дем алыш күндөрү өтүп, ага жалпысынан 280миңге чейин адам катышты. Өкмөт күйүүчү майга болгон салыкты көтөрүүнү токтоткон соң митингчилердин катары кыскарды, бирок толугу менен тарай элек. Аларга каршы француз бийлиги катаал чараларды көрөрүн эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM